Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Ош мэри “Чөөнүн мөртү” кайрадан таркатылып жатканын билдирди


Ош мэри Мелис Мырзакматов кечээ шаардын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрүп, “Чөөнүн мөртү” тасмасы кайрадан таркатылып жатканы тууралуу маалымат бар экенин билдирди. Мындан тышкары шаар башчысы көчөлөрдө улуттар аралык мамилени козутуучу жазуулар пайда болгонун, мындан улам күч түзумдөрү ар бир маалыматты тыкыр иликтеп чыгышы керектигин билдирди. Ошондой эле эл арасындагы ушак айыңдарды алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын белгиледи. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин Жогорку Кеңеш “Чөөнүн мөртү” тасмасы июнь окуясын бир тараптуу чагылдырган деп таап, анын өлкө аймагында таратылышына тыюу салган. (KKs)

XS
SM
MD
LG