Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

АКШ өкүлү Казакстандын убада кылган реформалары ишке ашпаганын билдирди


Казакстандын саясий реформалары жана адам укуктарын коргоо боюнча убадалары көбүнесе ишке ашпаган бойдон калып жатканынын АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Вашингтондо, Казакстандын көз карандысыздыгынын жыйырма жылдыгына арналган конференцияда айтты. АКШ Казакстандын жаңы парламенти элдин мүдөөсүн жана муктаждыгын чагылдырган мыйзамдарды кабыл аларына үмүттөнөрүн белгилеген дипломат буларды кошумчалады:

- Ачыгыраак жана динамикалуу саясий система өлкөнүн жетилгендигин көргөзөт жана Казакстандын эли татыктуу болгон узак мөөнөттүү стабилдүүлүккө, өнүгүүгө институтционалдык негиз түзөт.

Казакстандын өткөн айдагы соңку парламенттик шайлоосун ЕККУ демократиялык эмес деп сынга алган. АКШ бул тыянакты колдогон. Парламентке президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы менен кошо кирген эки партия да өкмөтчүл саясий уюмдар.

Вашингтондогу конференцияны казак өкмөтү жана Шеврон мунай компаниясы уюштурду.

Ага катышуу үчүн барган казак тышкы иштер министри Ержан Казыханов бүгүн АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен жолугат.

XS
SM
MD
LG