Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Орусияда оппозиция ишембидеги демонстрациянын талаптарын белгиледи


4-февралга бүткүл өлкө боюнча нааразылык акциясын уюштуруп жаткан кыймылдын талаптары декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, шайлоо комиссияларынын жетекчилерин кызматтан бошотууну да камтыйт.

Орусияда көпчүлүк бурмаланды деп эсептеген парламенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары улам-улам кайталанууда.

Алдыдагы ишембиге Москвада уруксат берилген демонстрациянын уюштуруучулары анда либералдардын, улутчулардардын, солчулардардын жана башка күчтөртүн жүрүштөрүн өз-өзүнчө өткөрүүнү чечти.

“Таза шайлоо үчүн” деген ураан астындагы азыркы демонстрациялар 4-марттагы президенттик шайлоону утурлай өтүп жатат.


Мурдагы президент жана азыркы премьер-министр Владимир Путин ал шайлоодо Кремлге кайра кайтып келүүнү көздөөдө.

XS
SM
MD
LG