Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча жыйын курду


Коопсуздук кеңешинин 31-январдагы жыйынында Сириядагы кырдаал боюнча Араб лигасынын баяндамасы угулду. Лиганын башкатчысы Набил эль-Араби Коопсуздук кеңешин кан төгүүнү токтотуу үчүн “ыкчам жана чечкиндүү” чара көрүүгө үндөдү.

Катар мамлекетинин премьер-министри Шейх Хамад бин Жассим ал –Тхани Сирияда “адам өлтүрүүчү машина али иштеп жатканын”, ал “аскерий интервенцияга чакырбай турганын”, бирок Сирия режими элдин талабына жооп берүүгө милдеткер экендигин аңдап-билүүсү үчүн “конкреттүү экономикалык кысым” зарылдыгын белгиледи.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, Коопсуздук кеңешине сунуш кылынган резолюция долбоору Сирияга аскерий интервенция жасоону колдобойт:

- Президент Асадга жана анын режимине белги берген резолюция боюнча мунасага жетүү үчүн биз жакынкы күндөрү биргелешип аракеттенебиз. Менимче, Араб лигасы лидерлигин көргөзүүдө маанилүү роль ойногону айдан-ачык жана биз Араб лигасынын турумун колдойбуз. Биз кандайдыр бир ыйгарым укукту же аскерий интервенцияны көздөө жоктугун (резолюциада) баса белгилеп кеткибиз келет.

Орусиянын элчиси Виталий Чуркин анын өлкөсү Сириянын иштерине тыштан кийлигишүүгө мурдагыдай эле каршы экендигин билдирип, жаңжалды чечүүнүн эң жакшы жолу катары жаатташкан тараптардын диалог жүргүзүүсүн атады.

Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жафари жаңжал үчүн өкмөттүн күнөөсү жоктугун айтты. Ал АКШ менен Европаны “колониализмге жана гегемонияга” кайра кайтууну каалап жатат деп айыптады.

Батыш дипломаттары резолюция долбоору ушул апта ичи добушка салынат деп үмүттөнүүдө.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча кандай чара көрүү керектигин талкуулап жаткан кезде, өкмөттүк күчтөр борбор Дамасктын чыгыш чет жакасын армияны таштап кеткен күчтөрдөн кайра тартып алганы тууралуу маалымат түштү.
Уруш бир нече айдан бери элдик толкундоонун очогу болгон Хомс шаарында да жүргөнү кабарланды.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген Британиядагы бейөкмөт уюмдун маалыматы боюнча, апта башынан бери 100дөй киши мерт болду.

БУУнун эсебинде, бул өлкөдө он айга аяк баскан элдик толкундоолордун күч менен басылып жатышынан улам 5400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG