Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Жаза аткаруу кызматы абактагы тополоңду басуу боюнча машыгуу өткөрөт


3-февралда Чүйдүн Москва районунда жайгашкан Петровка айылындагы №8 абакта атайын машыгуу өтөт. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Абактагылардын тополоңун басуу аракеттери иштелип чыгат. Командалык-штабдык машыгууга Жаза аткаруу кызматынын, Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кызматкерлери катышат. Жаза аткаруу кызматынын 16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында тинтүү учурунда чыккан тополоңду басуу боюнча аракети айрым депутаттардын жана акыйкатчынын сынына кабылган. (RK)

XS
SM
MD
LG