Кыргызстандагы мамлекеттик протокол жөнүндөгү мыйзамга ушундай толуктоо киргизүү сунушу бүгүн Жогорку Кеңеште талкууланды. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул тууралуу мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бишкектин четиндеги Чоң-Таш айылында жайгашкан "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн кылымдын 30-жылдарында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон алгачкы кыргыз интеллигенция өкүлдөрүнүн жана 2010-жылдын апрелинде мерт кеткендердин сөөгү коюлган. (RK)