Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Жовтиске казак бийлиги мунапыс берди


Евгений Жовтистин сүрөтү тартылган жана "Адилеттикке ооба. Саткын судьяларга жок" деген жазуусу бар шар. 2099-жыл
Евгений Жовтистин сүрөтү тартылган жана "Адилеттикке ооба. Саткын судьяларга жок" деген жазуусу бар шар. 2099-жыл

Казакстандык таанымал укук коргоочу Евгений Жовтис мунапыс алды.

Ал 2009-жылы күздө төрт жылга кесилип, ушул тапта Чыгыш Казакстан облусунда жаза мөөнөтүн өтүп жаткан. Бирок Жовтистин 1-февралда билдиришинче - сот чечимине жараша - ал эркиндикке 15 күндөн кийин гана чыгарылат.
Мени жана мени менен чогуу отургандарды дагы 15 күн кармоонун өкмөткө эмне зарылдыгы бар?
Е. Жовтис


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму адам укугун коргоочунун мөөнөтүнөн эрте бошотулушун оң баалады жана казак өкмөтүн Жаңы-Өзөндөгү кандуу булоонду калыс тергөөгө чакырды.

Евгений Жовтис - Адам укуктары боюнча Казакстандын эл аралык бюросунун мурдагы башчысы.

Адам укугун коргоочунун эркиндик алышын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУ оң баалады. ЕККУ атайын билдирүүсүндө казак бийликтерин декабрда Жаңы-Өзөндө болгон кандуу калабаны жана январдагы парламенттик шайлоо учурундагы мыйзамсыздыктары ачык-айкын иликтегенге үндөдү.

Жовтистин “Азаттыкка” телефондон айтышынча, колониянын жетекчилиги 25 соттолуучуга мунапыс берилсин деген чечимди 25-январда кабыл алган. 1-февралда болсо Өсткемен шаардык соту мунапыс алган адамдар 15 күндөн соң чыгарылсын деп чечкен.

Евгений Жовтисти колдогон акция. Казакстандын Уральск шаары. 12-октябрь 2009.
Евгений Жовтисти колдогон акция. Казакстандын Уральск шаары. 12-октябрь 2009.
Евгений Жовтис Казакстандын төбөлсүздүк күнүнө байланыштуу мунапыс алган адамдар эмне үчүн дагы 15 күн абакта отурушу керек экенин түшүнбөйт.

“Мыйзам чегерген мөөнөттүн бир бөлүгүн өтөгөн адамдын жазасын аныктаган Кылмыш беренеси мунапыска ылайык келсе, ал абактан токтоосуз бошотулуш керек, - деди Е. Жовтис. - Ушундай деп ойлойм. Мени дагы 15 күн кармагандары мага түшүнүксүз. Менин көз карашымча, бул өзү абсурд. Мунун кимге кереги бар? Мени жана мени менен чогуу отургандарды дагы 15 күн кармоонун өкмөткө эмне зарылдыгы бар?”

Казак өкмөтүн тартынбай сындаган көй кашкалардын бири 2009-жылы түндө даңгыр жолдо каршы келаткан жолоочуну уруп кетип, 4 жылга соттолгон. Адам укугун коргоочулар өз кезегинде Евгений Жовтистин өкүмүнө ынанышбай, ал профессионалдык ишмердиги үчүн жазаланганын айтышкан.

Эчен ирет “түрмөнүн эрежесин бузду” деп, Евгений Жовтиске мунапыс берилбей же мөөнөтү кыскартылбай жүргөн. Ага эки жолу “телевизорду бейсаат көрдү” деп, сөгүш жарыяланган жана жоош- момун жүргөнүнө карабай, бир да жолу алкыш жарыяланган эмес.

Жовтистин аялы жана адвокаты Светлана Витковскаянын айтышынча, күйөөсү колониядан тышка чыкканда да артынан көзөмөлдөнгөн бирден бир соттолуучу болгон. Ошондой эле Жовтиске Өсткемен шаарынын эмгек лагеринен сырт жакта иштегенге канча суранса да уруксат берилген эмес.

АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон 2010-жылы Астанада болгондо Жовтистин адам укугун коргоодогу аракетин жогору баалаган.

Ошол жылы ноябрда Нью-Йоркто жайгашкан Адилеттик демилгеси ачык коому БУУнун Адам укугу боюнча комитетине кайрылып, Казак бийлиги укук коргоочунун оозун жабуу үчүн аны абакта кармап жатканын жазган.

ЕККУнун Демократия институттары жана адам укуктары боюнча кеңсесинин директору, элчи Янес Ленарчич 1-февралда Евгений Жовтиске мунапыс берилишин колдоп, Жаңы-Өзөндөгү окуяларга байланыштуу оппозиция мүчөлөрүн жана январдагы парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу ачык жазган журналисттерди куугунтуктоого тынчсызданганын билдирди.

XS
SM
MD
LG