Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Уу көмүрдү таркаткан фирма башчысы камалды


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, радиоактивдүү делген Кулан көмүрүнүн Чүй облусунун бир катар билим берүү мекемелерине таркатылышы боюнча кылмыш иши козголду. Көмүрдү таркаткан бир фирманын жетекчиси экологияга зыян келтирген, көз боёмочулук кылган деген айып менен Бишкектеги биринчи тергөө абагына камакка алынды. Азырынча радиоактивдүү көмүрдүн Бишкек жылуулук борборунан башка аймактарга таркап кетиши боюнча Чүй облустук прокуратурасында да иликтөө иштери жүрүүдө. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен кылмышка катышы мамлекеттик кызматкерлердин ишине юридикалык баа берилмекчи. Уулуу көмүр боюнча Казакстандын башкы прокуратурасына эл аралык тергөө тапшырмасы да жиберилди.
Казакстандын Кулан кенинен Бишкектин жылуулук борборуна ташылып келген уулуу көмүр боюнча буга чейин темир жол жана бажы тармагындагы бир нече кызматкерге айып тагылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG