Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Иран жана МАГАТЭ сүйлөшүүлөрүн ушул айдын аягында улантат


МАГАТЭнин соңку жарыясына караганда, сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы 21-22-февралда Тегеранда болот.

Үч күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин уюмдун жогорку даражалуу делегациясы Ирандан кечээ кайтып келди.

МАГАТЭ бул сапардын жыйынтыгын этияттык менен кубаттады, бирок Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча эл аралык тынчсызданууларды басаңдатуу үчүн дагы иштөө талап кылынарын белгиледи.

МАГАТЭ буга чейин ноябрдагы соңку баяндамасында Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү болушу мүмкүндүгүн айткан.

Иран программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келет. (UE)

XS
SM
MD
LG