Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Баткенде кечээ түнү ок атышуу болгону тууралуу кайчы пикирлер айтылууда


Парламенттеги "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин бүгүн парламентте билдиргенине караганда, "кечээ түнү Баткенде ок атышуулар болду, кимдер арасында болгону белгисиз, балким боевиктер кирип кеткендир". Депутат Баткенде соңку эки аптадан бери митингдер токтобой жатканын, кырдаалды президент өзү көзөмөлгө алышы керектигин айтты. Ташиев ошондой эле кечээ жаңы губернаторду тааныштырганы барган өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөгул Бековду митингчилерден коргоп калыш үчүн "спецназдын жардамы менен алып чыгып кетишкен".

Бирок башка депутаттардын айтымында, "эч кандай ок атышуу болгон жок, Андаракта азыр абал тынч".

Кечээ өкмөт Баткен облусунун губернаторун алмаштырды. Бирок мурунку губернатордун тарапкерлери аны ордунда калтырууну талап кылып бир нече күндөн бери митингге чыгып келишкен.

Бурканов жергиликтүү журналисттерге маек куруп, аны премьер-министр Өмүрбек Бабанов күчтөп кетирип жатканын, Андарак окуясы жөн гана шылтоо болгонун билдирди.

Былтыр декабрда Баткен облусунун Андарак айылында кыргыз жана тажик улутундагы жашоочулардын арасында тополоң чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Шамил Атаханов "Бурканов жоопкерсиздигин жана аракетсиздигин көрсөттү. Биздин аталган облус боюнча башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес" деп айткан. Бирок Арзыбек Бурканов өзүн күнөөлүү эместигин билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG