Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

АКШ күчтөрүнүн Ооганстандагы аскерий милдети 2013-жылы аяктайт


Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Леон Панетта билдирди.

Анын айтымында, АКШнын Ооганстандагы аскерлери жана башка чет элдик күчтөр бул өлкөдөгү аскерий милдеттерин 2013-жылдын экинчи жарымынын орто ченине чейин аяктап, 2014-жылы ооган аскерлери окутуп-машыктыруу ишине өтүп калат деген үмүт бар.

АКШ коргоо министри белгилегендей, алар “Иракта ишке ашырылгандарды Ооганстанда да жасоого аракеттенет”.

Леон Панетта бул тууралуу НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Брюсселде бүгүн башталып жаткан жыйыны алдында айтты.

Мунун алдында, апта башында Франциянын президенти Николя Саркози ооган президенти Хамид Карзай менен жолугуу учурунда НАТО Ооганстандагы миссиясын 2013-жылы аяктарын билдирген.

Француз президенти кошумчалагандай, француз күчтөрүнүн кээ бир бөлүктөрү 2013-жылдан кийин ооган аскерлерин окутуп-машыктыруу ишине катышууга даяр.

“Вашингтон Пост” гезитинин аты аталбаган америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме жасап жазганына караганда, азырынча “биротоло чечилген эч нерсе жок". Ооганстандан аскерлерди чыгаруунун ыргагы боюнча чечим НАТОнун майда Чикагодо өтүүчү саммитине чейин кабыл алынбайт.

Ооганстанда аскерий милдетти жергиликтүү күчтөргө эртерээк өткөрүп берүү маселеси АКШда ноябрда болуучу президенттик шайлоонун алдына туш келүүдө. Бул азыркы президент Барак Обамага Ирактан аскерлер чыгарылган сыяктуу эле Ооганстандан да жакында чыгарылары жөнүндө шайлоо өнөктүгү учурунда айтууга мүмкүндүк берет. (UE)

XS
SM
MD
LG