Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Орус элчилигинин алдында Москвада өрттө жабыркаган кыргызстандыктар боюнча пикет өтүп жатат


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров баштаган жарандык активисттер ушу тапта Бишкектеги Орус элчилигинин алдында пикетте турушат. Алар "Азаттыкка" кабарлашкандай, Москвадагы италиялык ресторанда чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктарга орус бийлиги тарабынан мамлекеттик компенсация төлөнбөй жатканына нааразы болушууда.

Москвадагы италиялык ресторан 9-январда өрттөнгөн. Каза болгон үч адамдын экөө - кыргызстандыктар. Дагы 6 кыргызстандык ооруканага жеткирилген. Москва бийлиги жабыркагандарга 1 миллион рублга чейин акчалай жардам берилээрин убада кылган. Бирок кийин мындай жардам баарына эмес, Орусиянын жарандыгын алгандарга гана бериле турганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG