Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Акун: Асынып өлгөн курсанттын денеси көк ала, бутунда кайнак суунун тагы бар экен


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтунун биринчи курсунун курсанты 18 жаштагы Таалай Болотбек уулунун сөөгү бүгүн жерге берилмек. Бирок ата-энеси, туугандары анын табарсык жагында көк ала бар экенин, бутунда кайнак суунун тагы калганын көрүп, кошумча соттук-медициналык текшерүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун айтты.

Баланын ата-энеси ошондой эле ал окуу жайда улуураактардын кичүүлөргө карата зомбулук мамилеси орун алганын айтып, даттанганын кошумчалашты.

Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Коргоо министрлигинин Тарбия башкармалыгынын башчысы Эрнист Элемановдун “Азаттыкка” билдиришинче, окуяны иликтөө үчүн министрликте атайын комиссия түзүлдү. Моргдо окуу жайдын дарыгери, тергөөчү, прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусу менен соттук-медициналык экспертиза үчүн анализдер алынып, сөөктү бир сыйра карап чыгышкан. Бирок раймий жыйынтык азырынча чыга элек. Ошондуктан, акыйкатчынын айткандарын тастыктоо азырынча мүмкүн эместигин билдирди.

Окуу жайдын курсанттары кышкы каникулдан кийин 29-январда окуу жайга келиши керек болсо, Таалай Болотбек уулу белгиленген мөөнөттө окуу жайга келген эмес. Институт жетекчилиги анын туугандары менен байланышкандан кийин гана 30-январда атасы менен институтка келген. Ошол эле күнү түштөн кийин курсанттын асылган денеси окуу жайдын дааратканасынан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, өз жанын кыйды делген курсант Кочкор районунун тургуну.

Аскердик институтта офицер болом деген 11-класстан кийинки балдар окушат. Окуу мөөнөтү 4 жыл. (RK)

XS
SM
MD
LG