Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Парламентте 2010-жылдын апрел-июн кандуу окуялары боюнча токтомдун аткарылышы талкууланууда


Жогорку Кеңеште ушу тапта 2010-жылдын апрел жана июн айларындагы кандуу окуялар боюнча мурда кабыл алынган парламенттик токтомдун аткарылышын талкуулап жатышат.

Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун билдиргенине караганда, калыбына келтирүү иштерине 4 млрд 395 млн сом жумшалды. Коогалаң маалында каза болгон жарандардын жакындарына 1 млн сомдон бөлүнүп берилди. Ошондой эле, аларга 652 млн сом көлөмүндө бир жолку жардам көрсөтүлдү.

Өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин кошпогондо, ушу тапта Ош жана Жалал-Абад аймактарында турак-жайынан айрылган жарандар үчүн 34 көп кабаттуу үй курулууда. Анын ичинен 11 үй толугу менен бүткөрүлүп, коогалаңда каза болгон жарандардын жакындарына бөлүнүп берилди.

Ошону менен бирге, азыр коогалаң маалында жабыр тарткан ишкерлердин тизмеси такталып бүттү. Алардын ар бирине 50 миң сомдон жардам берилет. Тизмеде азырынча 89 ишкер бар. (RK)

XS
SM
MD
LG