Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

“Эйр Астана” 15 жаңы учак сатып алат


Казкстандын “Эйр Астана” компаниясы 15 жаңы учак сатып алууну көздөп жатат. Алардын жалпы баасы 1 миллиард доллардан ашат. Учурда компаниянын 26 жүргүнчү учагы бар. “Эйр Астананын” президенти Питер Фостердин айтымында, европалык "Эйрбас" компаниясынан А-320 учактары, АКШнын Боинг-767 жана Боинг-787 учактары жана Бразилиядан Эмбрэйр-190 регионалдык учактар сатылып алынат.

Каражат компаниянын өз фондунан алынмакчы. “Эйр Астананын” 51 процент акцияларына "Самрук-Казына" улуттук фонду, ал эми 49 процентине Британиянын "БАЭ системс" компаниясы ээлик кылат. Ички жана эл аралык рейстердин 80 процентин “Эйр Астана” аткарат.

XS
SM
MD
LG