Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Ирактагы чиркөө чабуулу үчүн айыпталгандар өлүм жазасына тартылат


Ирактын апелляциялык соту Багдаддагы сириялык католик чиркөөсүнө чабуул койгон 3 кишинин өлүм жазасын күчүндө калтырды. 2010-жылы болгон окуяда 50дөн ашуун киши каза таап, бир нечеси жарадар болгон. Жогорку соттук кеңештин маалымат катчысы бул өкүм акыркы жана өзгөртүлбөйт деп билдирди. Ал эми президенттик кеңешке жолдонот. Ирак конституциясына ылайык, президент жана эки вице-президенттен куралган кеңеш өлүм жазасына тартуу өкүмүн ратификациялашы керек. 3 кылмышкердин өкүмү былтыр августта чыгарылган, дагы бир киши 20 жылга абакка кесилген.

Чиркөөнү басып алуу жана барымтадагыларды бошотуу операциясы маалында 52 киши, анын ичинде бир нече полициячы окко учкан. Чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ал Кайиданын” Ирактагы шериги “Ирак Ислам мамлекети” деген уюшма өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG