Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Кадыржан Батыровдун дайыны белгисиз


Июнь окуялары боюнча айыпталып, издөө салынган Кадыржан Батыровдун кайсы өлкөдө жүргөнү так аныктала элек. Бул тууралуу Башкы прокурор Аида Салянова парламенттин кечээки жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин Батыров Швецияда жүргөнү жөнүндө маалымат Украинадан келген. Аны тактоо үчүн Швецияга жөнөтүлгөн өтүнүчкө жооп болгон эмес. Башкы прокурордун айтымында, июнь окуясына күнөөлүү деп эсептелген жарандарды табууга көпчүлүк өлкөлөр көмөктөшпөй, Кыргызстандын аракетин саясий куугунтук катары санап жатышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG