Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Токтогул району: 15 миң сом пара алды деп шектелген судья камакка алынды


2-февралда Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Жунусмамат Эгембердиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.

Өлкөнүн Судьялар кеңеши аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун 30-январда берген болчу. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы Эгембердиевди "15 миң сом пара алды, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деп айыптап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG