Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Кочкор-Атадагы ири базар архитектуралык талапка жооп бербегени үчүн башка жерге көчүрүлөт


Жалал-Абаддын Ноокен районундагы эң ири саналган Кочкор-Ата шаарындагы базардын орду өзгөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар мэри Кубаныч Эгембердиев билдирди. Анын айтымында, 6 гектарга жакын жерди ээлеп турган базар архитектуралык талаптарга жооп бербейт.

“Базар чоң жолдун боюнда жайгашкан. Соода күркөлөрүн Ош - Бишкек жолунун чекесине чейин чыгарып алган сатуучулар бар. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, базарды ирээтке келтиребиз. Базардын ордун жолдон бир аз алыска жылдыруу аракеттерин көрүп жатабыз”,- дейт Эгембердиев.

Кочкор-Атадагы буюм жана азык-түлүк сатылуучу жай Ноокен районунун аймагындагы эң чоң базар болуп саналат. Ал жерден кошуна Өзбектандан жана Аксы районунан да жарандар келип соода кылып кетишет. (SE)

XS
SM
MD
LG