Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Умаров: Орусиянын жайкын калкына кол салбайбыз


Түндүк Кавказдагы “Имарат Кавказ” экстремисттик топтун лидери Доку Умаров Орусиянын жайкын калкына каршы кол салууларды болтурбоо буйругу берилгенин билдирди. Кавказ центр деген сайтта жарыяланган видеобилдирүүдө Умаров акыркы окуялар калың эл Владимир Путиндин чекисттик режимин азыраак колдоп калганын күбөлөйт деген оюн айтат.

"Мусулмандар менен согушка катышпагандарга жана аны колдобогондорго каршы аракет көрүүгө принциптерибиз жол бербейт" деди Умаров. Бирок, анын айтымында, күч структуралары, армия жана атайын кызматтардын объектилерине каршы чабуулдар улана берет.

Умаровдун тобу Орусиянын аймагында болгон бир катар теракттар, анын ичинде былтыр январда Домодедоводогу жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал кол салуу 37 кишинин өмүрүн кыйган.
Көп узабай, мартта Москва метросундагы кош жардыруудан 40 киши жан таслим болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG