Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Бабанов акимдерди шайлоону саясатташтырбоого чакырды


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов аймактарда өтүп жаткан акимдерди шайлоо боюнча кайрылуу жасап, айрым райондордо шайлоону саясатташтырууга аракеттер жасалып жатканын билдирди. Премьер-министр район башчылыгына талапкерлердин тизмеси саясий партиялардын, жергиликтүү бийлик органдарынын пикирлерин эске алуу түзүлгөнүн белгилеп, райондук кеңештердин депутаттарын туура чечим кабыл алууга чакырды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары талапкерлердин тизмесин түзүүдө көпчүлүктүн пикири эске алынбай калганын билдирип чыгышкан. Мындан тышкары айрым район башчылыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге жергиликтүү калк нааразы болгон учурлар да катталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG