Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Каирде нааразылык акциялары кечээ да уланды


Египеттин борбору Каирде нааразылык акциялары кечээ да уланды. Демонстранттар Порт Саид шаарында футбол матчынан кийин болгон тополоңдо 74 кишинин мерт болушуна байланыштуу нааразылыгын билдирип чыгышкан. Алар тартип коргоочулар тополоңду токтотуу үчүн аракет көрүшкөн эмес деп айыпташууда. Полиция Ички иштер министрлигинин имаратын таш бараңга алган элди таркатуу үчүн жаш агызуучу газ колдонуп, желим ок менен атышкан. Жеринде жүргөн ыктыярдуу доктур 1 киши өлгөнүн, жүздөгөнү жарадар болгонун "Ассошейтед пресске" кабарлады. Нааразылык чыгуулары Суэц шаарында да болуп, ал жерде кагылышууда 2 киши мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG