Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

“Ата Журт” Транзиттик борборду чыгарууну колдойт


Парламенттеги "Ата Журт" депутаттык фракциясы өзүнүн кезектеги жыйынында АКШнын "Манас" аба майданындагы Транзиттик жүк ташуу борборун Кыргызстан аймагынан чыгаруу маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна коюу чечимине келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, “атажуртчулар” аталган аба база өлкөнүн экологиясына зыян келтирерин билдирүүдө.

Транзиттик жүк ташуучу борборду чыгаруу демилгелерин ушул аптада айрым экологиялык уюмдардын өкүлдөрү да көтөрүп чыгышкан. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев бир нече жолу бул борборду чыгаруу керектигин айтып, көп өтпөй бул маселени Кыргызстандын өнөктөш өлкөлөрү чогуу чечиши керектигин билдирген. АКШ болсо, борбордун мөөнөтү 2014-жылы аяктарын белгилеп, анын тагдыры сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилерин кабарлап келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG