Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Чаткалда кар көчкү түшүп, жол жабылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 99-чакырымында көлөмүндөгү кар көчкү түштү. Жол убактылуу жабылып, карды тазалоо үчүн техникалар тартылды. Ошондой эле райондогу Красная горка-Ак-Таш унаа жолунун жетинчи чакырымында да кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG