Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Сирияда кандуу булоон уланууда


Бүгүн Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирияда уланып жаткан элдик козголушту күч менен басууну айыптаган резолюция кабыл алат деп күтүлүүдө. Жума күнү кечке жуук Сириянын ортолугундагы Хомс шаарын артиллериялык аткылоодон 217 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгонун Сириядагы адам укуктарын байкоочу уюм кабарлады. Хомс былтыр жазда президент Башар Асаддын режимине каршы башталган элдик толкундоолордун очогу саналат. Сириянын өкмөттүк маалымат каражаттары Британияда жайгашкан адам укугуна байкоо жүргүзчү уюмдун маалыматын калпка чыгарууда.

XS
SM
MD
LG