Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Египеттеги коогалаңда кеминде 9 киши набыт болду


Египетте шаршемби күнкү Порт Саид шаарындагы футболдук коогалаңга байланыштуу тирештер уланууда. Соңку эки күндө полиция менен кагылыштарда кеминде тогуз киши набыт болгону кабарланды. Демонстранттар футболдук таймаштын коопсуздугун бийлик камсыздай албады дешет.

Порт Саиддеги футбол учурунда чыккан чатакта 74 кишинин каны төгүлгөн. Полиция жума күнү Ички иштер министрлигинин баш кеңсеси алдына чогулган элге көздөн агызчу газ жана желим окторду атып, таратты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Каирдеги эрегиште 2, 5 миңдей адам жабыркады. Кеминде тогуз адам набыт болгону кабарланууда. Суэц, Александрия жана башка шаарларда да полиция менен кагылышуулар болду.

XS
SM
MD
LG