Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Кыргыз-тажик чек аралары боюнча сүйлөшүүлөр башталат


Келе жаткан аптада Тажикстанда чек араны тактоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн делегациясы жолугушат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирүүдө. Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясы Тажикстанда 5-февралдан 11-февралга чейин жүрөт.

Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 2012-жыл Кыргызстан менен чек араны тактоодо чечүүчү жыл болорун билдирген. Кыргыз тарап да кошуна өлкө менен чек араны тактоо иштери жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастаган. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 971 чакырым болсо, анын 471 чакырымы тактала элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG