Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Гилани талиптердин тилин тапканы Катарга барат



Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани эмки жумада Катарга тынчтык сүйлөшүүлөргө барат. Сүйлөшүүнүн максаты - талиптер 10 жылдан бери Ооганстанда жүргүзүп жаткан урушту токтотуу. Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Баситтин “Азаттыкка” айтышынча, Гилани Ооганстан боюнча эки жактуу жана көп жактуу кездешүүлөрдү өткөрөт. Бир нече күн мурда Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кар айым расмий Исламабад талиптерди жана башка козголоңчу топторду тынчтык сүйлөшүүлөргө барууга көндүрөөрүн билдирген.

Пакистан талипттер менен “Хаккани” уюмуна жардамдашып, ооган жеринде тынчтык орнотулушуна жолтоо кылып жатат деп узактан бери сындалып келет. Ооган талиптеринин январда Катарда саясый кеңсесин ачуусу тынчтык жолундагы оң кадам катары бааланган.

XS
SM
MD
LG