Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Кытай жана Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын токтотту


Россия менен Кытай Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Сирия боюнча резолюциясына вето жарыялады. Араб Лигасынын талабына жараша президент Башар Асадды бийликтен кетүүгө чакырган резолюцияны Коопсуздук Кеңешинин калган 13 мүчөсү колдоду.

АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райс добуш берүүдөн кийин:
“Эл аралык коомчулук Сирия элин акылга сыйбас зулумдуктан коргошу зарурат. Бирок Кеңештин эки мүчөсү Сирия элин коркок тиранга сатканга даяр экенин ачык тастыктады”, - деди.

Франциянын элчиси Жерар Аронун айтышынча, Кытай жана Россия “Дамаскидеги режим жүргүзгөн саясаттын катышуучусу болууда”.

Россиянын элчиси Виталий Чуркин эл аралык коомчулукту Асад менен анын каршылаштарын жараштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууда деп күнөөлөдү: "Коопсуздук Кеңешинин чечими өтпөйт. Себеби эл аралык коомчулуктун кээ бир таасирлүү мүчөлөрү, анын ичинде бу столдун тегерегинде отургандар, Сириядагы жараяндар башталгандан тарта режимди өзгөртүүгө чакырып, оппозицияны бийликке түртүп, провокацияны токтотпой жана күрөштүн куралдуу ыкмасын колдоп, абалды саясый жол менен жөндөө мүмкүнчүлүгүнө бут тосуп жатты."

XS
SM
MD
LG