Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Кытай менен Орусия ветосуна араб дүйнөсү нааразы


Демонстранттар резина дөңгөлөктөрдү өрттөшүп, көз карандысыздыктын желегин көтөрүп жүрүшөт. Дарая шаары. 4-февраль.
Демонстранттар резина дөңгөлөктөрдү өрттөшүп, көз карандысыздыктын желегин көтөрүп жүрүшөт. Дарая шаары. 4-февраль.

Сирия маселесинде Кытай жана Орусиянын вето укугун колдонуусу араб дүйнөсүн жана мусулман уюмдарын нааразы кылды.

оссия менен Кытайдын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Сирия боюнча резолюциясына каршы чыгуусу араб өлкөлөрүнүн жана мусулман уюмдарынын нааразылыгын жаратты. Бу резолюция Араб Лигасынын Сириядагы тирешүүлөрдү токтотуу планынын негизинде даярдалган.
...Россия жана Кытайдын ветосу азыркы реалдуулукка негизделбейт. Батышка болгон каршы мамилесинин же кайсы бир талаптарга каршы турушканын көрсөтөт. Мындай өңүттө вето колдонулбаш керек.
Ахмет Даутоглу

Ага карабай, Россия резолюцияны Батыш даярдаган деп дембе-дем айтып жүргөн. 22 араб мамлекети иштеп чыккан план - Башар Асаддын бийликти жалпы элдик шайлоо өткөрүлгөнгө дейре орун басарына өткөрүп, президенттиктен биротоло кетүүсүн талап кылат. Аны Марокко сунуш кылып, ишемби күнү колго салынганда Коопсуздук Кеңешинин Кытай жана Россиядан бөлөк 13 мүчөсү колдогон эле.

Демонстранттар Сириянын президенти Башар Ассаддын кызыл боек чачылган фотопортретин Россиянын туусу менен кошо Бейруттагы орус элчиканасынын алдына таштап кетишти. Ливан. 5-февраль 2012
Демонстранттар Сириянын президенти Башар Ассаддын кызыл боек чачылган фотопортретин Россиянын туусу менен кошо Бейруттагы орус элчиканасынын алдына таштап кетишти. Ливан. 5-февраль 2012
Араб Лигасынын башкатчысы Набил ал-Араби 5-февралда араб өлкөлөрү Сириядагы кризисти жөндөө аракетин токтотпосун билдирди. Анын айтымында, Кытай менен Россиянын ветосу “эл аралык колдоо алган Араб Лигасынын резолюцияны жокко чыгара албайт”.
АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райстын сөзүнө караганда, эки өлкөнүн ветосу алардын Сирия элининин кызыкчылыгын “жүрөгү жок зулумга” сатып жатканын шардана кылат: “Эл аралык коомчулук Сирия элин акылга сыйбас зулумдуктан коргошу зарурат. Бирок Кеңештин эки мүчөсү Сирия элин коркок тиранга сатканга даяр экенин ачык тастыктады”.

Кытай жана Россия Сирия боюнча резолюцияга вето жарыялап, “Дамаскидеги режим жүргүзгөн саясаттын катышуучусу болуп жатканына” Франциянын элчиси Жерар Аро көңүл бурду.

Россиянын Улуттар уюмундагы элчиси Виталий Чуркин өз кезегинде эл аралык коомчулукту Асад менен анын каршылаштарын жараштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууда деп күнөөлөдү:

- Коопсуздук Кеңешинин чечими ушундай гана болушу керек эле. Себеби эл аралык коомчулуктун кээ бир таасирлүү мүчөлөрү, анын ичинде бу столдун тегерегинде отургандар, Сириядагы жараяндар, кризис башталгандан тарта режимди өзгөртүүгө чакырып, оппозицияны бийликке түртүп, провокацияны токтотпой жана күрөштүн куралдуу ыкмасын колдоп, абалды саясый жол менен жөндөө мүмкүнчүлүгүнө бут тосуп жатты.

Араб Лигасы болсо Сирия өкмөтүн өз жарандарынын үнүнө кулак салып, тыңшаганга үндөдү. Лиганын жекешмби күнкү билдирүүсүндө алардын планы, Москва айткандай эмес, тескерисинче эл аралык күчтөрдүн Сирияга сокку урганына жол бербесин баса белгиледи. Бул Араб өлкөлөрү тышкы интервенцияга каршы дегенди түшүндүрөт.
Марокко Сирия менен дипломаттык мамилени үзүп, башка араб өлкөлөрүн да ушу кадамга барууну суранды.

Араб дүйнөсү Россия менен Кытайдын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына вето жарыялоосуна кыжырдануу менен жооп берди.

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, йемендик Таваккул Карман айым Мюнхендеги эл аралык конференцияда сүйлөп, Асадга ишенимдүү аскерлердин элге ок атуусуна жооп ирети Араб өлкөлөрүн элчилерин Дамаскиден чыгарып кетүүгө чакырды.

Конференцияда сүйлөгөн Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даутоглу “...Россия жана Кытайдын ветосу азыркы реалдуулукка негизделбейт. Батышка болгон каршы мамилесинин же кайсы бир талаптарга каршы турушканын көрсөтөт. Мындай өңүттө вето колдонулбаш керек. Араб Лигасы жана алардын араб эмес коңшусу, жалгыз Түркия бул резолюцияны жактады. Биз төлөп жатабыз. Башка эч ким эмес,”- деди. Ошондой эле соңку жети айда Сириядан Түркияга 12 миң адам качып келгенин кошумчалады.

Иорданиянын исламчылары дүйнө мусулмандарын жана арабдарды Россия менен Кытайдын товарларына бойкот жарыялоого чакырышты. “Мусулман агайиндердин” лидери Хаммам Сайиддин пикиринче, Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына Россия жана Кытайдын каршы чыгуусу “алардын Сирия элин өлтүрүүгө катышып жатканын күбөлөйөт”.

Сүргүндө жашаган сириялыктар жекшемби күнү анти-россиялык ураандарды кыйкырышып, Триполидеги орус элчилигине басып киришти. Козголоңдун очогу Хомс шаарында армиянын көтөрүлүшчүлөрдү аткылоосуна кыжырданган адамдар дүйнөнүн жети өлкөсүндө, анын ичинде Каирде Сириянын элчиканаларына кол салышты. Оппозиция активисттеринин ырасташынча, акыркы эки күндө артиллериялык аткылоолордон Хосто 200дөн көп адамдын өмүрү кыйылды.

БУУнун эсебинче, Асаддын режмине каршы 11 айдан берки элдик чыгууларды басууда армиянын огунан 5 400дөн ашык адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG