Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

АКШ Египет бийлигинин бейөкмөт уюмдарга кысымын айыптады


Вашингтон Египет бийлигинин бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн сот жообуна тартуу пландарына байланыштуу камтамасын билдирди. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд АКШнын расмий адамдары Египеттен түшүндүрмө алууга аракеттенишүүдө деди.

Египеттин аскерий кеңеши 43 кишини, анын арасында америкалык 19 жаранды чет өлкөдөн келген акчаны козголоңду каржылоого пайдаланып жатышат деп айыптоодо. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Египет бул чатакты жөнгө салбаса, 1 жарым миллиард доллар жардамдан куру калат деп эскертти. Буга Египеттин тышкы иштер министри Мухамед Амр өкмөт соттун ишине кийлигише албайт деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG