Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Караколдо элдик курултай боюнча мыйзам талкууланды


Караколдо бүгүн "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо болду. Ага Ысык-Көл облусунун ар кайсы аймактарынан келген үч жүздөй киши катышты. Талкуунун уюштуруучусу, "Элдик курултай" кыймылынын төрагасы Кадыр Кошалиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мындай иш-чара республиканын баардык облустарында өтөт.

Элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Экинчи окууга чейин коомдук талкуудан өтүшү керек.

"Элдик курултай" уюмунун түзүлгөнүнө эки жыл болду. Анын курамында 35 коомдук-саясый бирикме бар. Уюм талкуунун катышуучуларына элдик курултай боюнча өзү иштеп чыккан мыйзам долбоорун да сунуштап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG