Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Казакстанда Бажы комитетинин мурдагы башчысы, Жаңы-Өзөн шаарынын мэри камалды


Жаңы-Өзөндүн камакка алынган мэри Орак Сарбопеев.
Жаңы-Өзөндүн камакка алынган мэри Орак Сарбопеев.
Серик Баймаганбетов ири өлчөмдө пара алган деп айыпталууда. Анын камакка алынганын бүгүн Казакстандын каржы полициясы жарыялады.

Серик Баймаганбетов Бажы комитетин 2011-жылдын май айынан тарта быйыл 2-февралда кызматтан алынганга чейин жетектеген. Ага чейин казак президентинин администрациясынын укук коргоо органдары бөлүмүн башкарган.

Бүгүн ошондой эле Каржы полициясы тарабынан Жаңы-Өзөн шаарынын мэри Орак Сарбопеев мамлекеттин акчасын өзүнө ыйгарып алган деген шек менен камакка алынганы белгилүү болду.

Ушундай эле айып менен мурдараак Жаңы-Өзөн шаарынын мурдагы мэри Жалгас Бабаканов да камалган.

Жаңы-Өзөндө мунайчылардын бир нече айга созулган нааразылык акциясы былтыр 16-декабрда кагылышуу менен аяктап, полициянын огунан 16 адам мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG