Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Обама Ирандын АКШдагы активдерин жабуу боюнча жарлыкка кол койду


Жардыкты коштогон билдирүүсүндө АКШ президенти мындай санкциялар Ирандын Борбордук банкы жана башка банктары санкция киргизилген тараптар менен аласа-бересени жашырганынан, эл аралык каржы системасы үчүн Ирандын аракеттеринен келишүүгө болбой турган тобокелчиликтер бардыгынан улам талап кылынганын белгилейт.

Жардыкка ылайык, Ирандын АКШда, анын ичинде АКШ банктарынын чет өлкөдөгү бөлүмдөрүнүн көзөмөлүндө турган активдери башка жакка которулушуна, төлөнүшүнө же чыгарылып кетишине тыюу салынат.

Бул санкцияларды АКШ Конгресси өткөн жылдын соңунда жактырган. АКШ жана Евробиримдик Иранды өзөктүк программасынан баш тартыруу үчүн ага катаал санкциялар менен кысым жасоону көздөөдө.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайт деп шектенет. Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөрүн айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG