Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

АКШ Сириядан элчилерин чыгарып кетти


 Хомс шаарынын ныптасындагы Баба Амр районундагы үйлөр артиллериялык аткылоодон кийин. 5-февраль, 2012
Хомс шаарынын ныптасындагы Баба Амр районундагы үйлөр артиллериялык аткылоодон кийин. 5-февраль, 2012

АКШнын элчиси жана башка дипломаттары Сириядан чыгып кетти. Мурдараак Марокко жана Тунис Сириядан элчилерин чакырып алган.


Сирияда кырдаал тез өзгөрүүдө. Мамдепартаменттин билдиришинче, Сирия өкмөтү күзөттү калыбына келтирмейин, АКШнын Дамаскидеги элчилиги жабык болот. Президент Барак Обама дүйшөмбү күнү америкалык телеканалдан сүйлөп, Сириядагы чатакты тышкы күчтөрдү кийлигиштирбей баскан маанилүү экенине токтолду.
Армияны таштап кеткен офицерлер Башар Ассаддын башкаруусуна каршы күрөшүү максатында Жогорку революциячыл аскерий кеңешти түздү.


6-февралда Араб лигасынын башчысы Сирия өкмөтү жарандарга каршы оор аскерий техниканы пайдаланып, жарандык согуштун кырында турганын кулак какты кылды.

Маалымат булактары артиллериялык аткылоодон ортолуктагы Хомс шаарында 17 адам набыт болгонун кабарлашты. Оппозициячыл булактардын айтымында, анти-өкмөттүк козголуштун ордосу эсептелген шаар тикучарлардан жана ракетадан аткыланууда. Өкмөт Хомсту аскерлер аткылабаганын, элдин канына “куралдуу террорчу топтор” зобун келтиргенин ырастоодо.

Оппозиция дүйшөмбү күнү коопсуздук күчтөрүнүн огунан Алеппо, Забадани жана Дамаск шаарларында үч адам курман болгонун кабарлады.

Армияны таштап кеткен офицерлер Башар Асаддын башкаруусуна каршы күрөшүү максатында Жогорку революциячыл аскерий кеңешти түздү. Кеңешти маалыматтарга караганда, Түркияга өтө качкан генерал Мустафа Ахмед аш-Шейх жетектейт. Бул уюм дезертир аскерлер түзгөн Эркин Сирия армиясы менен чогуубу, азырынча, белгисиз.

Бул тушта Москва жана Бээжин Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча резолюциясына эмне үчүн вето жарыялаганын түшүндүрүп, актанууда. Араб лигасынын Сириядагы кандуу булоонду басуу планынын негизинде иштелип чыккан резолюция долбоорунда Башар Асадга президенттиктен создуктурбай кетүү сунуш кылынган эле.

Буга Кытай жана Орусиянын каршы чыгуусу араб өлкөлөрү менен иорданиялык исламчылардын катуу нааразылыгын жаратты. Батыш дагы катуу сындады.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон ветону “шакабага” салыштырып, Кытай менен Орусияны “Дамаскидеги зомбулукчул бийликти” коргоого алууда деп күнөөлөгөн.

Мындай сындоолорду Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров четке кагып, “истерия” деп мүнөздөдү. Бирок ал Сирияда куралдуу калаба бир нече жерде жүрүп жатканын танбады. “Менимче, алар бул тейдеги истериялык билдирүүлөрдүн жардамы менен чыныгы болуп жаткан окуя тууралуу чындыкты жашырганга аракет кылышууда. Чынында эле коогалаңдын бирден көп, бир нече очогу бар,” - деди Лавров. Ал Араб лигасы сунуш кылып, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 13 мүчөсү жактырган резолюция Сирияда “жарандык согушту” каалагандарды колдоорун кошумчалады.

Дүйшөмбү күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлиги ветого байланыштуу айтылган сындарга жооп берип, Бээжин адилеттикти гана жактаарын билдирди.

АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райстын сөзүнө караганда, Кытай жана Орусия Башар Асадды коргойбуз деп жатып, эл аралык изоляцияга кабылышы ыктымал болууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, былтыр мартта Асаддын режимине каршы нааразылык чыгуулар башталгандан бери кагылыштарда 6 миңден ашуун сириялыктын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG