Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Египет соттоло турган бейөкмөт уюмдардын кызматкерлеринин тизмесин жарыялады


Египет бийлиги бейөкмөт уюмдардын ишине байланыштуу сот жообуна тартыла турган адамдардын тизмесин жарыялады. Чет мамлекеттерден каржыланган уюмдардын кызматкерлери арасында 29 чет өлкөлүк жана 14 египеттик жаран бар.

Мыйзамсыз иш алып барган деп күнөөлөнгөн чет өлкөлүктөрдүн көбү Египеттен чыгып кетишкен. Бирок АКШнын 5 жараны жана 2 германиялык өлкөдө кала беришүүдө. Алардын арасында АКШнын транспорт министри Рэй Ла Худдун баласы Сэм Ла Худ бар. Ал Эл аралык республикалык институттун Египеттеги филиалын жетектейт. Германиялыктар Конрад Аденауэр фондунда иштешет.

Египеттин аскерий кеңеши ал бейөкмөт уюмдар чет өлкөдөн келген акчаны козголоңду каржылоого пайдаланып жатышат деп айыптоодо. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Египет бул чатакты жөнгө салбаса, 1 миллиард 300 миң доллар жардамдан куру калат деп эскертти. Сот качан башталаары белгисиз.

XS
SM
MD
LG