Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Кумтөр кенинде 1400 адам иш таштады


Ысык-Көл облусунда жайгашкан Кумтөр алтын кенин иштетүүчү компаниянын 1 400 кызматкери бүгүнтөн тарта ишин таштады. Республикалык кесиптик кошуундун тоо-металлургия комитетинин башчысы Элдар Тажыбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул нааразылык акция мөөнөтсүз. Негизги талап - Социалдык фондго 1993-жылдан 2010-жылга чейин төлөнбөй келаткан акчаны берүү же ошонун эсебинен айлыкты көбөйтүү.

Иш таштоо бүгүнтөн башталганын Кумтөрдүн маалымат кызматынын өкүлү Сергей Дедюхин "Азаттыкка" тастыктады. Анын айтымында, маанилүү участоктордо иш үзгүлтүккө учураган жок. Өндүрүштө коопсуздук сакталууда.

Дедюхиндин айтымында, компания Социалдык фондго баардык тиешелүү төлөмдөрдү мыйзам чегинде төлөп келатат. Буга ошол эле Соцфонддун жана көз каранды эмес аудиттин бүтүмдөрү күбө экени айтылууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG