Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

8-февралга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
7-9-февралда жаан-чачын, карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү болушу күтүлүүдө. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
8-февралда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн гана Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден Ысык-Көл акваториясында кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -8...-13,
Талас облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...-13,
Баткенде түнкүсүн -16...-21, күндүз -2...-7 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12 градус, күндүз -2...-7,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -6...-11,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -26...-31, күндүз -12...-17,
Тоолордо түнкүсүн -27...-32, ал эми күндүз -10..-15 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20 градус суук, күндүз 9...11 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG