Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Бишкекте баңги, ичкиликке берилгендер жана кургак учукка чалдыккандар көбөйдү


Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун катышуусу менен өтөн жыйында айтылды. Саламаттыкты сактоо боюнча шаар департаментинин башчысы Амангелди Мурзалиевдин айткандарына караганда, былтыр кургак учукка чалдыккан 929 киши катталган. Ага чейинки жылга караганда бул көрсөткүч 33 кишиге көп. Алардын эки жүзгө жакыны балдар жана өспүрүмдөр. Ал эми 26 миң 112 киши маңзат пайдаланган жана ичкиликке берилгендер деп каттоодо турушат. Бул көрсөткүч боюнча да мурдагы жылга салыштырмалуу өсүш бар экени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG