Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:58

Өкмөт Андарак окуясын кайрадан иликтей баштады


Андарак окуясы боюнча өкмөттүк комиссия кайрадан ишин баштады.Өткөн жылдын 29-декабрында Баткендин Лейлек районунун Андарак айылында кыргыз жана тажик улутундагы жаштар ортосунда жаңжал чыгып, окуяны парламенттик жана өкмөттүк комиссиялар иликтеген. Алар окуяга облустун ошол кездеги губерантору Арзыбек Бурканов да күнөөлүү дешкен.19-январда Арзыбек Бурканов өкмөткө кызматтан кетүү тууралуу арызын берген. Мурдагы губернатордун Андарак окуясында күнөөсү жок деп анын таламдаштары бир нече жолу митинг өткөрүп, 10 күндүн ичинде Арзыбек Буркановду бул окуя бюнча актаган чечим чыгаруу талабын коюшкан. Учурда өкмөттүк комиссия кайрадан түзүлүп, Андарак айылында иш баштаганын Баткен облустук акимчилигинен «Азаттыкка» бүгүн билдиришти. (JsA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG