Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:28

Кара-Сууда аким шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы коюлду


Бүгүн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдында жүздөн ашык киши чогулуп митинг өткөрдү. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, алар 6-февралда өткөн Кара-Суу акимин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Райондук кеңештин депутаттары акимди пара алып шайлаганын айтышты.

Митингчилер айыптаган 13 депутат да бүгүн Ошто маалымат жыйынын өткөрүп, пара албаганын, шайлоо таза өткөнүн айтышты.

Кечээ Кара-Суу райондук кеңешинде аким шайлоо болуп, Тилек Матраимов уткан. Бирок ар бир депутаттын добушу 5 миң долларга бааланып, соодалашуу болуп жатканын билдирген 9 депутат шайлоого катышпай койгон. Добуш берүүгө катышкан 21 депутаттын 20сы Матраимовду колдогон. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG