Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Уулуу көмүрдү "Кулан ТБ" өзү алып кетмей болду


Казакстандын уулуу көмүрүн Бишкектен казакстандык "Кулан ТБ" ишканасы өзү алып чыгып кетет. Көмүр Кыргызстанга ошол ишкана аркылуу келген болчу. Бирок көмүрдү ташып кетүү качан башталаары белгисиз. "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, бул иш жакын арада башталат. Былтыр сентябрда Бишкек ТЭЦине Куландан "Электр станциялары" аркылуу 8,5 миң тонна көмүр келген. Анын радиациялык фону нормадан 8-10 эсе жогору экени аныкталганда аны жагууга тыюу салынган.Көмүр ошо бойдон ТЭЦте сакталып турат. Мындан тышкары, ошол эле Кулан кенинен Чүй облустук администрациясы аркылуу да бир миң тоннага жетпеген көмүр келген. Ал айрым мектеп, карылар үйлөрүнө таратылып, кышында жагылды. Ошол жерлерде адамдар ооруй баштаганын укук коргоочулар билдирип жатышат. Уулуу көмүрдү Кыргызстанга өткөргөнү үчүн темир жол жана бажынын 4 кызматкери соттолууда. Бирок айрым депутаттардын пикиринде, аларды эмес, өкмөттөгү коррупциялык схемаларды түзгөн аткаминерлерди жоопко тартыш керек. Өкмөт бул айыптоону четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG