Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Малдивыдагы толкундоолордо президент иштен кетти


Индия мухитиндеги Малдиви аралында бир нече аптадан берки толкундоолордон кийин президент Мохамед Нашид иштен кетип жаткандыгын бүгүн сыналгыдан жарыялады. Мунун алдында полиция мамлекеттик сыналгыны басып алган эле. 2008-жылкы шайлоодо жеңип алган Нашидди Индиядан түштүктө жайгашкан бул арал-мамлекетте нагыз демократия орнотту деп макташкан. Бирок 30 жыл бийликте турган экс-президент Маумун Абдул Гайом менен саясий тиреш токтобой, улук кызматтагы сот иштен алынгандан кийин тартип коргоочулар козголоң чыгарышкан. Азиядагы эң чакан өлкө болгон Малдивиде 400 миң киши жашайт, жыл сайын бул чөл-аралга жүз миңдеген туристтер эс алганы келишет.

XS
SM
MD
LG