Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Лавров: Асад оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр


Орусиянын тышкы иштер минстри Сергей Лавровдун билдиришинче, Сириянын президенти өкмөттүк аскерлер менен өкмөткө каршыккан демонстранттардын ортосундагы кан төгүүнү токтотууну көздөйт.

Дамаскидеги жолугушуудан кийинки сөзүндө Лавров бир жылга чукулдап калган кан төгүүнү токтоуу үчүн Асад Сириядагы бардык саясий күчтөрү менен сүйлөшүүгө даярмын деп сөз бергенин кошумчалады.

Лавров өз кезегинде Асадга Маскөө кризисти Араб Лигасынын демилгесинин негизинде чечүүгө даяр экендигин билдирген. Араб Лигасы колдогон Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин Асадды кызматтан кетүүгө чакырган резолюциясынын долбооруна 4-февралда Орусия менен Кытай вето койгон эле.

Сирияда бүгүн да кан төгүү уланып жаткан чакта, АКШ менен Британиянын артынан Франция, Испания жана Италия Дамаскидеги элчилерин чыгарып кетишти.

XS
SM
MD
LG