Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Кумтөр алтын кенинин жумушчулары иш таштоо акциясын улантышат


Бул тууралуу Тоо-кен металлургия кесиптик кошуунунун төрагасы Элдар Тажыбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында иш таштоо акциясына өңчөй өндүрүштө иштегендер катышып, тейлөө кызматындагылар күндөлүк иштерин аткара беришет. Кумтөр алтын кенинин 1400 жумушчусу мөөнөтсүз иш таштоого чыккандыгы кечээ жарыяланган. Алар компаниядан 1993-2010-жылдары социалдык фондго төлөбөй калган акчаны кайтарып берүүнү же ошонун эсебинен жумушчулардын айлыгын көбөйтүүнү талап кылып жатышат.
Компания өзү социалдык фонд төлөмдөрүнүн төлөнбөй калышы тууралуу маалыматты тастыктаган жери жок. Тоо-кенчилер ассоциациясынын башчысы Орозбек Дүйшеев бул иш таштоо Кыргызстанга эбегейсиз экономикалык чыгымдарды алып келип, инвестициялык баркына доо кетирет деп билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG