Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Жогорку Кеңеште демократиялык альянс түзүлөт


Жогорку Кеңеште депутаттардын тобунан турган демократиялык альянс түзүлөт. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов Грузия президенти Михаил Саакашвили менен депутаттардын Тбилисидеги жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, бул альянс бийликтин бутактарын реформалоо багытында мыйзам долбоорлорду иштеп чыгып турмакчы:

«Мындан улам биз Грузиянын тажрыйбасына, адистерине муктажбыз»,-деди Өмүрбек Абдрахманов. Грузия президенти Михаил Саакашвили болсо, Кыргызстандагы реформалык аракеттерге Грузия колдоо көрсөтөөрүн билдирди. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG