Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Ошто улуттар аралык биримдикке багытталган жаңы телерадиокомпания ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн эксперти Эрнис Мамырканов билдирди. Анын айтымында, «Ынтымак» деп аталган коомдук телерадиокомпанияны ачуу тууралуу документ өкмөттө 2011-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

“Телерадиокомпаниянын башкы максаты – улуттар аралык биримдикти чыңдоо. Анын берүүлөрү кыргыз жана өзбек тилдеринде чыгат. Жаңы каналдын радио жана телеберүүлөрү Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунун аймактарын камтыйт ”,- дейт Мамырканов.

“Ынтымак” радиосу ушул жылдын апрелинде обого чыгат, телеканал күзгө барып иш баштайт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG