Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

9-февралга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
8-9-февралда жаан-чачын, карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү болушу күтүлүүдө. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
9-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5,
Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5,
Баткенде түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -4...+1,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12 градус, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -5...-10,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28...-33, күндүз -10...-15,
Тоолордо түнкүсүн -25...-30, ал эми күндүз -10..-15 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16 градус суук, күндүз 2...4 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG