Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Cузакта майып балдар үчүн борбор ачылды


Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылында бүгүн ачылган майып балдарды калыбына келтирүү (реабилитациялык) борбору ЮЮНИСЕФтин каржылык колдоосу менен иштейт. Мындагы тогуз кызматкер ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды педагогикалык, психологиялык жактан тейлешет. Борборду ачуу долбоорун ишке ашырган “Аймира” коомдук корунун төрайымы Анаркүл Машаеванын билдирүүсү боюнча, борбор жылына 130 баланы кабыл алууга эсептелген жана бара-бара райондун Барпы, Ырыс, Сузак айыл өкмөттөрүндө жашаган оорулуу балдарды тартууга аракет жасалат. Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген 969 балага мамлекеттен жөлөк пул төлөнөт. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG