Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Бир айда өрт кырсыгында 11 адам каза болду


Январ айында Кыргызстанда 11 адамдын өмүрүн кыйган 318 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Катталган өрт кырсыктарынын көпчүлүгү электр шаймандарын пайдалануудагы өрт коопсуздугу эрежелеринин сакталбашы жана тамеки тартуудагы этиятсыздыгынан болду.

Былтыр республиканын аймагында 3 792 өрт кырсыгы катталып, 88 адам, анын ичинде 18и жаш бала каза болгон. 190 миллион сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Ошол эле мезгилде өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 380 адам өрттөн куткарылып, 8,6 млрд. сомдук материалдык мүлк тилсиз жоодон сакталып калган. (RK)

XS
SM
MD
LG